Биз менен байланышыңыз

Бильярд. Азиз Мадаминов “Саввиди” мелдешинин финалына чыкты

Кыска кабар , Спорт | 27 Окт 2019 | 679 | 0

Кыргызстандык Азиз Мадаминов бильярд боюнча “Саввиди” мелдешинин финалына чыкты. Ал жарым финалында өзбекстандык Александр Сидоров менен ойноп, жалпы 2:4 эсеп менен утуп алды. Эрежеге ылайык, беттеш 5 жеңишке чейин уланат.

“Саввиди” мелдешинин жүрүшүн “duplet.news” сайты түз алып көрсөтүүдө.

Кыргызстандык кий чебери биринчи партияны утуп, кийин эки ирет удаасы менен жеңилди. Калган 4 партияны удаасы менен утуп, финалга жолдомо алды.

Экинчи жарым финалда молдовалык Сергей Крыжановский менен өзбекстандык Нодирбек Мирзаев беттешип, 5:4 менен утуп алды.

Эми мекендешибиз Азиз Мадаминов алтын байге үчүн молдовалык Сергей Крыжановский менен таймашат.

Эскерте кетсек, ушу тапта Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында байге фонду 8 миллион рублди түзгөн Иван Саввиди ысымындагы бильярд боюнча мелдеш өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM