Биз менен байланышыңыз

Көк-бөрү биринчи лига: “Алкан-Ата” “Нооруз-2019” мелдешинин чемпиону

Кыска кабар , Спорт | 21 Мар 2019 | 574 | 0

Көк-бөрү боюнча биринчи лигада “Алкан-Ата” командасы «Нооруз-2019» мелдешин жеңип алды. Азыр эле Бишкектеги «Ак-Кула» ат майданында бүткөн  финалдык беттеште Таластан чыккан команда «Келечек» тобун 5:1 эсебинде утуп чемпион болду.

Учурда ат майдандан күлүктөрдүн жарышы башталды.

Саат 14:30да Көк-бөрү боюнча жогорку лиганын “Достук” менен “Ынтымак” командалары финалда беттешет.

Copyright © 2017 Maral FM