Биз менен байланышыңыз

Англиялык «Тоттенхэм» УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалына чыкты

Кыска кабар , Спорт | 9 мая 2019 | 568 | 0

Англиянын «Тоттенхэм» командасы Чемпиондор Лигасынын жарым финалында Нидерланддык Аяксты 2:3 эсебинде жеңип алды.

Жарым финалдык беттештин биринчисинде өз үйүндө 0:1 эсебинде утулган болчу. Кечээ түнү коноктогу оюндун жүрүшүндө 2:0 эсебинде утулуп жатканына карабастан, удаасы менен 3 гол киргизип, бөтөн жерде киргизген голдун артыкчылыгы менен жеңишке ээ болуп, финалга чыкты.

Беттештеги эң керектүү болгон 3 голду тең Лукас Моура киргизген.

Эми Чемпиондор Лигасынын быйылкы жылдагы финалында Англиялык эки команда  «Ливерпуль» — «Тоттенхэм» беттешет.

Бул мелдештин тарыхында 2008-жылдан берки экинчи англиялык командалардын атаандаштыгы болмокчу.

Финалдык оюн 1-июнда Испаниянын Мадрид шаарындагы «Ванда Метрополитано» стадионунда өтөт.

УЕФАнын Чемпиондор Лигасын өткөн жылы Испаниянын Реал Мадрид командасы жеңген.

Copyright © 2017 Maral FM