Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев: «Өзбекстанга ашыкча салмактагы милициянын кереги жок»

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Мар 2019 | 853 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн ички иштер жана коргоо министрлигинин кызматкерлерин 6 айдын ичинде ашыкча салмактан арылуусуна убакыт берди.

Президент Наманган районунун активи менен жолуккан учурда милиция менен коргоо министрлигинин кызматкерлерин ашыкча салмактарын айтып сынга алганы буга чейин айтылган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Мирзиёев алардын арыктап, ашыкча салмактан арылышы үчүн 3-6 ай убакыт берген.

Kun.uz жана Daryo.uz интернет басылмалары жазгандай, 1-мартта Наманган областынын активи менен жолугушуу учурунда Мирзиёев күч органдарындагы айрым кызматкерлердин ашыкча салмактарына өзгөчө басым жасаган.

“Оор салмактагы милиция же офицердин бизге кереги жок. Оор салмактагы милиция кылмышкерди кантип кармай алат? Спорт менен машыксын. Мен үчүн эмес, өзүнүн ден соолугуна керек. Биз аларга убакыт берели: үч же алты ай, бул мезгил аралыгында алар мыкты калыбына келишип, ашыкча салмактан арылсын”,- деп айткан президент Мирзиёевдин сөзүн Daryo.uz айтып чыккан.

Эске сала кетсек, мамлекет башчы ашыкча салмак көйгөйү тууралуу 2018-жылы медициналык кызмат көрсөтүүнү реформалоонун жыйынтыгына арналган видеоселектордук кеңешмеде айткан.

Анда Шавкат Мирзиёев, «жай кыймылдагы жашоо образы жана туура эмес тамактануудан улам Өзбекстандын калкынын жарымы ашыкча салмагы барлар», — деп белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM