Тогуз-Торо районундагы «Сары-Кыр» ашуусунан 8 чабан 2 200 койлору менен куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Анда Көк-Ийрим айыл аймагындагы «Алакан» жайлоосунда калың жааган кардан улам чабандар ашуудан аша албай калгандыгы тууралуу айтылат.
Чабандарды койлору менен ашуудан алып өтүү үчүн атайын куткаруучулар жөнөтүлгөн. Натыйжада алар ашуудан аман-эсен өткөрүлүп, Сузак районунун Үрүм-Баш тилкесине жеткирилген.