Кыргызстанда быйыл буудайдын түшүмү быйыл орто эсеп менен гектарына 26,7 центнер болду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Өлкө аймагында буудайдын түшүмү 676,8 миң тонна болуп, 2017-жылкыга караганда 37,4 миң тоннага көп болду. Эң көп түшүм алуу боюнча облустар арасында 1-орунда Жалал-Абад облусу болуп, гектарына 31,1 центнер, ал эми 2-орунду Талас облусу гектарына 29,8 центнер алган.
Ал эми райондордун арасында алдыңкы орунда Нооокен жана Базар-Коргон райондору, Ысык-Ата, Кара-Буура, Чүй, Сокулук жана Кара-Суу райондору турат.