Биз менен байланышыңыз

Кургакчылыктын айынан быйыл Кыргызстанда буудай аз алынды

Кыска кабар | 11 Сен 2021 | 486 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 23-августуна карата дан эгиндери 380 миң гектар аянттан жыйналды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Маалыматка караганда, андан 536 миң тонна дан бастырылды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 46,8 %аз. Мында, жалпысынан республика боюнча дан эгиндери үстүбүздөгү жылы чабыла турган аянтынынан 66% жакын аянты жыйналып алынды, анын ичинде Нарын облусунун чарбаларында — 2,3%, Ысык- Көл — 34% жана Талас облусунун чарбаларында — 59% аянты жыйналып алынды.

Кургакчылык жана сугат суунун тартыштыгы негизги дан эгиндерин жыйноонун азайышына алып келген.

Copyright © 2017 Maral FM