Үстүбүздөгү жылдын 23-августуна карата дан эгиндери 380 миң гектар аянттан жыйналды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Маалыматка караганда, андан 536 миң тонна дан бастырылды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 46,8 %аз. Мында, жалпысынан республика боюнча дан эгиндери үстүбүздөгү жылы чабыла турган аянтынынан 66% жакын аянты жыйналып алынды, анын ичинде Нарын облусунун чарбаларында — 2,3%, Ысык- Көл — 34% жана Талас облусунун чарбаларында — 59% аянты жыйналып алынды.
Кургакчылык жана сугат суунун тартыштыгы негизги дан эгиндерин жыйноонун азайышына алып келген.