Биз менен байланышыңыз

Ат-Башыда 3 жылдан бери бала бакчанын курулушу бүтө элек

Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 678 | 0

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда мындан 3 жыл мурун башталган бала бакчанын курулушу бүтпөй келет. Жергиликтүү эл жеке менчик үйдү бала бакча катары колдонушууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Алтынбек Жунус уулу билдирди.

Эл өкүлү  өкмөттүн өкүлүнөн 3 жыл мурун башталган бала бакчанын курулушу эмнеге токтоп калганына кызыкты.

“Ат-Башы районунун Казыбек айылында 2015-жылы курулуп жаткан бала бакчанын пайдубалы тургузулган боюнча токтоп калыптыр. Мен шайлоочулар менен да куручулар менен да жолуктум. Учурда тургундар мага кайрылып, балдарды алып бара турган жери жоктугунан атайын жеке менчик үйдү бала бакча катары ижара төлөп, пайдаланып жатканын айтышты”, — деди Жунус уулу

Copyright © 2017 Maral FM