Биз менен байланышыңыз

Айнура Султанбаева министрдин орун басарлыгынан алынды

Кыска кабар | 12 Мар 2019 | 717 | 0

Айнура Султанбаева Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары кызматынан бошотулду. Мындай маалыматты өкмөттөн билдиришти.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Кызматтан кетишине анын башка жумушка өткөндүгү себеп болгон.

Кошумчалай кетсек, Айнура Султанбаева бул кызматка 2017-жылдын 12-декабрында дайындалган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM