Биз менен байланышыңыз

Өкмөт Айтматовдун музейин оңдоого каражат жоктугун билдирди

Кыска кабар | 25 Дек 2019 | 1057 | 0

Өкмөт залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй музейин оңдоого каражат жок экенин билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Твиттердеги баракчасына жарыялады.

Эл өкүлү буга чейин парламент жыйынында Айтматовдун өлкө үчүн жасаган эмгектерин эске алып, анын жакындарынын музейди оңдоого каражаты жетпей турганын, ошондуктан мамлекеттин эсебинен оңдоого каражат бөлүүнү сунуштаган. Бекешев бул сунуш менен өкмөткө кайрылган.

Өкмөттүн маалыматында, Айтматовдун музейи Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына кирбейт. Ошондуктан ал мамлекеттин эсебинен каржыланбайт. Аны министрликтин балансына которуу чоң өлчөмдөгү каражатты талап кылат. Өкмөт музейди оңдоп-түзөөнү демөөрчүлөрдүн эсебинен чечүүнү сунуштайт.

Депутат Дастан Бекешев Айтматовдун музейине чет мамлекеттердин жогорку кызматтагы адамдары, өлкө жетекчилери келип жатканын, быйыл Айтматовдун үй музейине Орусия президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев келгенин белгилеп, музей оңдоолууга муктаж деп айткан.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Шекер айылында туулган. Ал Кыргызстан менен бүткүл дүйнөнүн ортосуна руханий көпүрө түзгөн инсан, күчтүү руханий байлыгы жана туруктуу чыгармачылык изденүүсү менен тапкан табылгаларын коомго, окурмандарга берген эмгектери дүйнөгө белгилүү. Алар: “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу роман-повесттери.

Улуу жазуучу 2008-жылы 10-июнда көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM