Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекте Кожомкул балбандын музейи ачылат

Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 599 | 0

Бүгүн, 5-февралда Бишкектеги Спорт ордосунда Кожомкул балбандын музейинин ачылышы өтөт. Бул тууралуу Кааба уулу Кожомкул эл аралык коомдук фондунун төрагасы Орозалы Кожомкулов “Марал” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, музей Кожомкул балбандын 130 жылдыгына арналып ачылып жатат. Анда анын колдонгон буюмдары, сүрөттөр, үйүндөгү ар кандай эмеректер да коюлган. Музейден башка жакта сейрек кездешүүчү экспонаттарды табууга да болот.

Музейди түптөөгө жалпысынан 4 миң доллардын тегерегинде каражат сарпталган.

Copyright © 2017 Maral FM