Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Кувейтте өткөн туристтик көргөзмөгө катышты

Кыска кабар | 24 Фев 2019 | 910 | 0

Кыргызстан Кувейтте өткөн “Silk Road Show: Kyrgyzstan-Kuweit” аталышындагы туристтик көргөзмөгө катышты.

Бул саамалык жалпы көргөзмөнүн акыркы бөлүгү болуп, ал Эль-Кувейт шаарынын бир катар жайларында, туристтердин санынын көптүгү менен 1-орунду ээлеген “Авенью” борборунда да өттү.

Ага Кыргызстандын атынан Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Кувейттеги Кыргызстандын элчиси Самаргүл Адамкулова, маданият кызматкерлери, бий жана музыкалык топтор да катышты.

Иш-чарага 20 000ден ашык адам катышып, анда Кыргызстандын туризмине кызыккандардын көп болгондугу маалыматта айтылат.

Көргөзмө борборунун директору Роберт Хайек Кыргызстан кувейттиктер үчүн жаңы туристтик аймак катары кабыл алынганын айтты. Ошол себептүү өткөн көргөзмө эки тарап үчүн тең туристтик бизнес жаатында чоң секирик болорун белгиледи.

Белгилей кетсек, бул иш-чара Кувейт мамлекетинин улуттук көз карандысыздык күнүнө карата уюштурулду.

Copyright © 2017 Maral FM