Биз менен байланышыңыз

Кыргыз улуттук «Манас» театрына Азиз Биймырза уулу директор болду

Кыска кабар | 26 Сен 2021 | 489 | 0

Эгемендиктин 30 жылдыгына жана тунгуч жазма акын, агартуучу жана манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Дүйнөлүк эпос фестивалына Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Азербайжан өлкөлөрүнөн илимпоздор жана өнөр адамдары катышты.

Үч күнгө созулган фестиваль илимий-практикалык симпозиум, тегерек стол жана маданий ар түрдүүлүк парады менен коштолуп, эл аралык маданий алака бекемделди.

Салтанаттуу жабылыш аземге Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышып, эпос фестивалынын маани–маңызы жана ролу тууралуу кайрылуу жасашты.

Иш-чаранын алкагында Улуттук “Манас” театрынын ачылышы тууралуу расмий жарыяланып, театрдын директору Азиз Биймырза уулу тааныштырылды.

Copyright © 2017 Maral FM