Биз менен байланышыңыз

Салымбековдун «Дордой» спорт комплекси жайгашкан ижара жер тилкеси боюнча министрлик үн катты

Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 982 | 0

Кечээ, 23-июнда президент Садыр Жапаровдун бизнес коомчулук менен болгон жолугушуусундагы Аскар Салымбековдун «Дордой» спорт комплекси жайгашкан ижара жер тилкеси боюнча Маданият министрлигинин дарегине айткан арыз-муңу чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин министрлик менен «Дордой» ассоциациясынын ортосунда эки ирет: 05.04.2007- жылы жана 01.08.2011-жылы жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө келишим түзүлүлгөн.

Өкмөттүн 2009-жылдын 3-августундагы №489 буйругуна ылайык «Ю. Абдрахманов, И. Мичурин жана М. Күренкеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кычан Жакыпов атындагы сейил багынын жер тилкесин Дордой ассоциациясына ден соолукту чыңдоо жана оюн-зоок сейил багынын курулушу жана долбоору үчүн берүү жөнүндө» токтомунун толук аткарылышын изилдөө максатында Министрликтин №295 буйругуна ылайык (16.09.2014) ведомство аралык комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын корутундусу бир катар мыйзам бузууларды аныктап, ижара акысындагы дал келбөөчүлүктү так белгилеп берген. Анын натыйжасында ага чейинки келишим жокко чыгарылып, ижара акысы, жер тилкеси жана мөөнөтү тийиштүү органдар тарабынан белгиленген өлчөмдүн негизинде даярдалган жаңы келишимге кол коюлган.

Тактап айтканда, текшерүүгө чейин Дордой ассоциациясы айына 110 205 сомдун ордуна болгону 20 миң сом өлчөмүндө акы төлөп келишкен. Мындан тышкары максатсыз пайдалануу жана ашыкча жерлерди ээлеп алуу боюнча да фактылар катталган. Тилекке каршы, ал боюнча чара көрүлгөн эмес.

Кечээги президенттин бизнес коомчулук менен болгон жолугушуусундагы Аскар Салымбековдун министрликке койгон дооматы жүйөөсүз. Анын айтымында «Улам жаңы келген министр ал «гүлдөтүп» койгон жерди тартып алуу максатында байма-бай прокуратурага кайрылган», — деп айыптады.

Өз кезегинде, министрлик жогорудагыдай мазмундагы арызды бир дагы текшерүүчү органга жолдобогондугун билдирди. Белгилей кетчү жагдай, «Дордой» ассоциациясына ижара акысын толук төлөбөгөнү үчүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан билдирүү каттары жиберилген. Ал эми андай билдирүүнү тийиштүү орган министрликтин макулдугусуз жөнөтө алат. Бул маселе боюнча министрлик мыйзам талаасында гана иш алып баруусун улантат.

Copyright © 2017 Maral FM