Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш Абылгазиевдин ишине нааразы

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 1242 | 0

Бүгүн 7-февралда парламентте өкмөттүн ишине баа берилген суроо  көтөрүлүп  жатат. Көпчүлүк депутаттар тараптан министрлер кабинетине сын айтылууда.

Депутат  Наталья Никитенко Караколдон фермерлер кайрылганын айтып, сүт чыгарган кичи ферма түзүүгө уруксат кагазын ала албай жүргөн фермер келгенин жалпы жыйында көтөрдү.

Эл өкүлүнүн сөзүн депутат Евгения Строково да колдоого алып өкмөттү билим берүү жана саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Эл өкүлдөрү парламенттин бир дагы жыйыны өкмөт башчыга карата нааразычылык айтылбай өткөн күнү жок болуп жатканын белгилеп жатышат.

Эскерте кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 2018-жылдын 20-апрелинде ишин баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM