Биз менен байланышыңыз

Кытайлык компания Кыргызстанда титаномагнетитти кайра иштетүү боюнча завод курат

Кыска кабар | 27 Июн 2024 | 152 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Хами шаарында кен иштетүү менен алектенген кытайлык (Xinjiang Xiangsheng New Material Technology Co., Ltd) компаниянын директору Сяо Чжихай менен жолукту.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тараптар Кыргызстандын аймагында титаномагнетитти кайра иштетүү боюнча металлургиялык завод куруу маселесин карашты.

Акылбек Жапаров бул тармакта кызматташуунун келечеги кенен экенин, Кыргызстандын аймагында титаномагнетитти өндүрүүгө мүмкүнчүлүктөр жогору жана чет элдик ишканалар, инвесторлор, ишкерлер үчүн кыргыз бийлиги жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө бардык күч-аракетин жумшаарын айтты.

Кытайлык компаниянын директору долбоорлорду ишке ашырууга  кызыкдарлыгын билдирип, жакын арада мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнөн жана тиешелүү адистеринен турган жумушчу топ түзүлүп, Кыргызстандын аймагында изилдөө иштерин жүргүзө турганы белгилүү болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында “Кыргыз алтын” ачык акционердик коому менен кытайлык компаниянын ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү морандумуна кол коюлду.

Жогорудагы компания дүйнөлүк алдыңкы заманбап жабдуулар менен камтылган жана жогорку даражалуу адистер тартылган.

Кыргызстанда президент Садыр Жапаров уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзамга кол койду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM