Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда ККМ колдонгондордун саны 100 миңден ашты

Кыска кабар | 27 Июн 2024 | 96 | 0

Кыргызстанда катталган контролдук-кассалык машиналардын саны 100 миң 032 бирдикке жетти. Бул тууралуу Салык кызматынан  кабарлашты.

Акыркы үч жылда катталган ККМдин саны 82,6 миң бирдикке көбөйгөн. 2021-жылы алардын саны 17,4 миңден ашса, 2022-жылы 36 миңге жеткен, ал эми 2023-жылы 65,4 миң бирдикти түзгөн.

Бул олуттуу өсүш ишкерлер арасында масштабдуу маалыматтык түшүндүрүү өнөктүктөрүн өткөрүү, мамлекет тарабынан ККМди акысыз негизде берүү, ошондой эле салык жеңилдиктерин киргизүү менен түшүндүрүлөт.

Товарларды, жумуштарды жана калкка кызмат көрсөтүүлөрдү чекене сатууну ишке ашырган салык төлөөчүлөр ККМди колдонууга милдеттүү.

Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу салыктардын адилеттүү төлөнүшүнө, бизнестин ачык-айкын жүргүзүлүшүнө өбөлгө түзөт жана ишкерлерди кассалык отчеттуулуктун чоң көлөмүн тариздөө зарылчылыгынан куткарат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM