Биз менен байланышыңыз

Курал сатуу менен системалуу түрдө алектенген милициянын майору кармалды (видео)

Кыска кабар | 6 Июл 2023 | 193 | 0

Кечээ, 5-июлда ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сатууга аракет кылып жаткан жеринен милициянын майору М.Р.Н. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 267-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (Куралды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда кармалган кызматкер ички иштер органында иштеген жылдардан баштап алынган тапанчаларды, мылтыктарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатуу менен системалуу түрдө алектенгени аныкталган.

Милициянын майорунун жашаган жеринен издөө иш-чараларынын жүрүшүндө курал-жарак жана ок-дарылар табылган. Тактап айтканда, ар кандай калибрдеги 4 мылтык, 9 даана граната, 200 даана 9 мм калибрлүү ПМ патрону, 97 даана 5,45 калибрлүү АК-74 патрону, 141 даана 7,62 снайпердик мылтыктын патрондору жана 72 даана помпонун патрондору чыккан.

Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө абагына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM