Биз менен байланышыңыз

Мүлк фонду: «Мега» Өнүктүрүү банкына мүлк түрүндө өткөрүлүп берилбейт

Кыска кабар | 6 Июл 2023 | 318 | 0

«МЕГАны» Өнүктүрүү банкына гана сатылат деп айта албайм. Башка сатып алуучуларга дагы мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу Мүлк фондунун мүлктүк мамилелер башкармалыгынын башчысы Замир Бугубаев «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, сатуу процесси ачык-айкын өтүп, шарттарды толук аткарган жана эң жогорку бааны сунуштаган жеке же юридикалык жак сатып ала алат.

«Эгерде жеке же юридикалык жактар «Мега» компаниясын сатып алууга кызыкдар болсо, Өнүгүү банкына караганда жогорку бааны сунуштай турган болсо, аларда сатып алууга мүмкүнчүлүк бар. Өкмөттө бул ишкананы Өнүктүрүү банкына берүү саясаты бар болчу. Бирок мыйзамдарга ылайык, биз ал банкка бекуер берип кое албайбыз. Анткени алар менчиктин формасы боюнча жеке жак болуп саналат. Ошол эле учурда Өнүктүрүү банкынын уставдык капиталына дагы берип коюу мүмкүн эмес экен. Анткени Өнүктүрүү банкын түзүп жатканда мыйзамдарга ылайык, аларга акчак каражат түрүндө гана салым катары кошконго мүмкүн. Мүлк түрүндө бергенге болбойт. Ошол себептен алар дагы аукционго катышып, сатып алганга мүмүнчүлүгү бар», — деди ал.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдиргендей, 4-июлда «Альфа-Телеком» (MEGA соода маркасы) компаниясынын 100 пайыз толук пакети аукционго коюлду. Мамлекеттик ишкананын акциясынын баштапкы суммасы — 14 миллиард 600 миллион сомго бааланып, аукцион 2-октябрда өтөт. Ага катышуу үчүн арыздар 2-октябрь саат 10:00гө чейин кабыл алынат.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун бул билдирүүсүнөн кийин көп өтпөй президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев комментарий берди. Ал Фейсбуктагы баракчасына ишкана сатылганда деле мамлекеттин карамагында каларын жазды.

«Мамлекеттин «Альфа Телекомго» байланыштуу пландары өзгөргөн жок. Учурда компанияга аукцион жарыяланды, ага Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландоодо. Муну менен компания мамлекеттин карамагында калып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуусун улантат. Мындан тышкары, башкаруучунун алмашуусу калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга алып келери күтүлүүдө».

Copyright © 2017 Maral FM