Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Өлкөдө жылытуу мезгилинде электр энергиясы үзгүлтүксүз берилиши керек

Кыска кабар | 6 Янв 2023 | 293 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкө боюнча жылытуу мезгилинде электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү тапшырмасын энергетика министри Таалайбек Ибраевге берди.

Чүй электр тармактар ишканасынын учурдагы абалы, ишкананын көйгөйлүү маселелери жана 2023-жылга карата пландарын талкуулаган жыйында Бакыт Төрөбаев өлкөнүн жети облусундагы бардык электр тармактары ишканалары алдыда күтүлүп жаткан суук аба ырайына даяр туруу керектигин билдирди.

«Өзгөчө күз-кыш мезгилинде элди электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздоо энергетиктердин негизги милдети. Келерки аптадан тартып аба ырайы кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Андыктан бүгүнтөн тартып Кыргызстандын бардык электр тармактары ишканалары ар түрдү чыңалуудагы көмөк чордондордун жана электр чубалгыларынын ишенимдүү иштөөсүн дыкат көзөмөлгө алыңыздар», – деди ал.

Ошондой эле, Бакыт Төрөбаев 2023-жылга карата коюлган пландарды өз убагында, жеткиликтүү деңгээлде аткаруу үчүн электр жабдууларды сатып алуу, алмаштыруу жана оңдоо жумуштарын тездетүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM