Биз менен байланышыңыз

Сот журналист Болот Темировду эки иш боюнча актады

Кыска кабар | 28 Сен 2022 | 359 | 0

Бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон кылмыш ишин кароо улантылды.

Отурумда журналист акыркы сөзүн сүйлөдү. Андан соң судья «Темиров эки берене боюнча кылмыштын белгилери жок болгондуктан акталсын, бир берене боюнча күнөөлүү деп табылсын, бирок жазасыз калтырылсын» деген чечим чыгарды.

Тагыраагы, Болот Темиров Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо); 378-беренеси (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча акталды.

Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (жасалма документ колдонуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жазадан бошотулду.

Copyright © 2017 Maral FM