Элдик курултайга делегаттарды шайлоо үчүн Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайы 10-октябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.
Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» токтомунун долбоорунда айтылат.
Токтомдун долбооруна ылайык, курултайда эки маселе каралат:
— Бишкек шаарынын мэринин 2022-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн отчету;
— Элдик курултайга делегаттарды шайлоо жөнүндө.
Бишкек курултайына 500 делегат чакыруу пландалууда:
- Ленин району боюнча — 125 делегат;
- Октябрь району — 140 делегат;
- Биринчи май району — 101 делегат;
- Свердлов району – 134 делегат.
Президент Садыр Жапаров «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Биринчи Элдик курултай 25-ноябрда өткөрүлөрү айтылган.