Биз менен байланышыңыз

Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу декабрга чейин узартылды

Кыска кабар | 5 Сен 2022 | 648 | 0

Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу чечими 1-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Мэрия тыюу салууну 1-сентябрдан декабрга чейин узартууну сунуштап, сот бул чечимди мыйзамдуу деп тапты.

Маалымат боюнча, Орусия элчилигинин, Жогорку Кеңештин, УКМКнын имараттарынын жанында жана Ала-Тоо аянтында мамлекеттик жана муниципалдык иш-чаралардан башка ар кандай тынч акцияларды өткөрүүгө тыюу салынат.

Тынчтык акцияларын Максим Горький атындагы паркта өткөрүүгө уруксат берилген.

Copyright © 2017 Maral FM