Биз менен байланышыңыз

Президент санариптик системага өтпөгөн министрликтерге эскертүү берди

Кыска кабар | 20 Авг 2022 | 852 | 0

Президент Садыр Жапаров санариптик системага өтпөгөн министрликтерге эскертүү берди. Эскертүүсүн президент Фейсбук баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, Санарип министрине бир жылдык мөөнөт берилип, «бардык министрликтерди жана мамлекеттик мекемелерди санарипке өткөрөсүң» деген милдеттеме коюлган.

Бирок жарым жыл өтсө да көпчүлүк министрликтер санариптик системага өткөн эмес.

Президент кайсы министрлик толук маалыматын 1-сентябрга чейин бербесе, 2-сентябрь күнү өз каалоосу менен арызын жазып жумуштан кете берүүсүн эскерткен.

Ошондой эле ал санарипке өтүүнү каалабаган министрлик же мамлекеттик мекемелер коррупциялашкан мекемелер деп атап, аларды «кагаз менен иштеп, уурдап жашай беребиз» дегендер деп сыппатаган.

Copyright © 2017 Maral FM