Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы «Дөө-Чыңгыздын» абакта өлтүрүлгөндүгү боюнча ички иликтөөнү талап кылды

Кыска кабар | 18 Авг 2022 | 299 | 0

Өлкөнүн акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Чыңгыз Жумагуловдун тергөө абагында киши колдуу болуп өлүшү боюнча ички иликтөөнү жүргүзүүнү талап кылды. Бул тууралуу Омбудсмен Институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чыңгыз Жумагуловдун абакта киши колдуу болуп көз жумганы боюнча маалымат коомчулукка чыгар замат, Акыйкатчы аппараты Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө алып келген окуя тууралу маалымат берүү суроо-талабын жөнөткөн.

Жумагулов менен бир камерада ар кандай айыптоолор менен бир канча адамдар отурганы, денесиндеги бычактан сайылган жараттан улам каза болгону маалымдалган. Ал эми тыюу салынган бычак кантип соттолучунун колунда болуп калганы боюнча тергөө иштери жүрүп жатканы жана камерада соттун өкүмү күчүнө кире элек соттолгондор отурганы айтылган.

Акыйкатчы институту бардык адамдар мыйзам алдында бирдей жана эч кандай басмырлоосуз мыйзамдын бирдей корголушуна укуктуу экенин, буга байланыштуу ар кандай түрдөгү дискриминацияга мыйзам тарабынан тыюу салынууга тийиштигин эске алуу менен, аталган окуя боюнча тергөө ишинен сырткары, бул мекемедеги кызмат адамдары өзүнүн милдеттерин так аткарбай шалаакылык кылган жоопкерчиликсиз мамилесине кызматтык баа берүү үчүн ички иликтөө милдетүү түрдө жүрүшүн талап кылган.

Эске салсак, крим чөйрөсүндө «Дөө-Чыңгы» каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагулов 30-июлда өлтүрүлгөнү кабарланган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Жумагуловду камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөн. Ал бул фактыны моюнуна алган.

УКМКнын басма сөз кызматы 15-июлда кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов кармалганын билдирген. Аны кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкерлик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактылары боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлгөн.

Жумагулов соттун чечими менен №1 тергөө абагына 7-сентябрга чейин камалган эле.

Copyright © 2017 Maral FM