Биз менен байланышыңыз

Рахмон Ооганстандагы кырдаалга дайыма көңүл бурууга чакырды

Кыска кабар | 21 Июл 2022 | 523 | 0

Ооганстандагы окуялар дагы курчуй берет. Ошондуктан кырдаал дайыма чөлкөмдүн көңүл борборунда болушу керек. Мындай пикирин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Чолпон-Атадагы 4-консультативдик жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, Ооганстандагы болуп жаткан окуялар жалпы Евразия аймагынын геосаясий абалдын туруктуулугуна таасирин тийгизиши мүмкүн.

«Дүйнөдөгү кырдаал бат өзгөрүп жатат. Саясий оюнчулардын атаандаштыгы өсүүдө. Аны менен катар терроризм, экстремизм, баңгизатын жана курал-жаракты мыйзамсыз жүгүртүү, кылмыштуулук  тыйыла элек. Бул процесстер Борбор Азияны да айланып өтпөйт. Акыркы окуялар Борбор Азиядагы стабилдүүлүктү бузууну каалагандар бар экенин билдирет. Диний экстремизм өсүп жатат. Радикалдуу идеологияны жөнгө салуу үчүн конкреттүү механизмдерди иштеп чыгуу керек. Мен ички коопсуздук жана чакырыктар жөнүндө дайыма маселе көтөрүп келем. Биз — диний радикализм эл аралык терроризмдин уктап жаткан ячейкаларын ойготорун унутпашыбыз керек. Тажикстан 30 жылдан бери ушундай чакырыктар менен күрөшүп келет. Ооганстандагы кырдаал дайыма  көңүл борборунда болушу шарт. Ал өлкөдөгү окуялар Борбор Азияга эле эмес, Евразия аймагынын геосаясий абалынын туруктуулугуна таасирин тийгизиши мүмкүн. Биздин прогноз боюнча Ооганстандагы кырдаал дагы курчуп кетиши күтүлүүдө» , — деди Эмомали Рахмон.

Тажик президенти «Талибан» кыймылы берген убадаларына карабай, инклюзивдүү өкмөттүн түзүлүшүнө тоскоолдук кылууда. Бул коомдогу социалдык топтордун укугун коргоого көмөк болмок.

«Кыймылдын айрым лидерлери БУУнун Коопсуздук кеңешинин террористтик уюмдарынын тизмесинде. «Талибандын» жетекчилиги катуу диний консерватизмдин агрессивдүү саясатын жүргүзүп жатат. Алар буга чейин светтик мыйзам актыларын жокко чыгарууну жана жарандык коомдун бардык чөйрөлөрүндө шарият сотторун колдонууну жарыялашты» ,-деди Эмомали Рахмон.

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM