Биз менен байланышыңыз

Баткенде медакадемиянын окуу-дарылоо комплекси курулат

Кыска кабар | 28 Июн 2022 | 449 | 0

Бүгүн, 28-июнда президент Садыр Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапары менен барып, Баткен шаарында Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын окуу жана дарылоо комплексин куруу үчүн капсула салды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, бул борбор кѳп профилдүү дарт аныктоочу жана дарылоочу стационар катары курулат.

Бейтапкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, рентген бөлмөсү, ультра добуштук изилдөө (УЗИ), МРТ, ЭЭГ аппараттары менен камсыз болот. 200 орундуу конференц-зал, 200 орундуу студенттик жатакана жана 500 кишиге ылайыкталган күндүзгү дарылоо жайы салынат. Окуу-дарылоо комплекси курулуп бүткөндөн кийин 90 адис жумуш орду менен камсыз болот.

КММА бюджетинин эсебинен каржылана турган долбоордун болжолдуу баасы — 603, 5 млн сом. Жатакананын курулушуна сырткы инвесторлор тарабынан дээрлик 93 млн сом бөлүндү, мындан сырткары 100 млн сомго акыркы үлгүдөгү аппараттар менен камсыздоо милдети турат.

«Кыргызстандын бардык жеринде мындай комплекстерди куруу зарыл болуп турат. Кудай буюрса, ар бир облусубуздун борборунда ушундай студенттик шаарчалар курулат. Облустарыбыздын инфратүзүмүн жакшыртуу менен катар эле калкыбыздын саламаттыгына кам көрүшүбүз кажет», — деди президент.

Садыр Жапаров жергиликтүү жашоочулардын суроолоруна да жооп берди.

Copyright © 2017 Maral FM