Биз менен байланышыңыз

Эрбол Султанбаев: «Кумтөргө» Бишкектин түштүгүнөн жер бөлүндү

Кыска кабар | 21 Июн 2022 | 339 | 0

«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүк «Учкун» мекемесинен башка кеңсеге көчөрдө Министрлер кабинети же президент менен макулдашкан эмес. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Султанбаевдин айтымында, Бөлтүрүк башка кеңсеге көчкөнүнүн себебин «Улуу көчмөндөр мурасы» холдинги түзүлгөнүнө байланыштуу кызматкерлер эски кеңсеге батпай калганы менен түшүндүргөн. Эми холдингге жаңы кеңсе курууга Бишкектин түштүк тарабынан жер берилди.

«Бир ай мурда бул окуя боюнча президент Жапаровдун тапшырмасы менен териштирүү жүрүп, Теңгиз Бөлтүрүккө макулдашылбаган чечими үчүн эскертүү берилген. Ошону менен бирге «Кумтөрдүн» гаражы жеке жактан мамлекеттик гаражга (мурдагы ЖК гаражына) көчүрүлдү. Эми мындан ары ижара акысы мамлекетке түшүп турат. Мурда ижара акысын жеке жактар алып турган. Ал эми азыркы офисинде убактылуу иштешет. Анткени холдингге жаңы офис курууга Бишкектен жер берилди (борбордун түштүк тарабынан). Бир жылдын ичинде жаңы офисин куруп бүтүп, ал жакка көчүп кирүү тапшырмасы коюлду» , — деп айтылат Султанбаевдин маалыматында.

Copyright © 2017 Maral FM