Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети казинолорду ачуу мыйзам долбоорун колдоду

Кыска кабар | 21 Июн 2022 | 353 | 0

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 20-июндагы жыйынында казинолорду ачууга жол берген мыйзам долбоорун карады. Бул тууралуу комитет мүчөсү депутат Дастан Бекешев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлады.

Анын маалыматы боюнча, комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырган. Эми документ парламенттин жалпы жыйынында каралышы керек.

Дастан Бекешевдин айтымында, бул мыйзам долбоору кабыл алынса, онлайн кумар оюндарынын бардык түрүн ойноого жана аны жарнамалоого уруксат берилет.

«Мен каршы добуш бердим. Эмне үчүн позициямды өзгөрткөнүмө таң калган болушуңар керек. Чындыгында, бул мыйзам долбоору онлайн казинолорго жана бардык маалымат каражаттарында, телекөрсөтүү, билборддордо кумар оюндарынын бардык түрүн жарнамалоого уруксат берет», – деди депутат.

Мыйзам долбоору инвестицияларды тартуу, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

Ага ылайык, кумарканаларга чет өлкөнүн жарандары, туристтер гана кирип, жергиликтүү жарандар киргизилбейт деп айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM