Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарды.
16-июнда Бишкек шаардык соту Бейшеналиевдин баш коргоо чарасын үй камагына чыгарууга өзгөрттү.
Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда Башкы прокуратуранын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал жети кылмыш иши боюнча тергелип жатат.
Президент Садыр Жапаровдун чечими менен 4-июнда Алымкадыр Бейшеналиев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев тергөө мезгили аяктаганга чейин ээлеген кызматтарынан убактылуу алынган.