Бүгүн, 16-июнда саат 14:00дө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Биринчи Май райондук сотуна алып келинет.
Жактоочу Замир Жоошевдин айтымында, сотто Калыс-Ордо айылындагы мектептин курулушу жана он түрк жаранын Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу иши каралат.
Атамбаевдин жакындары анын саламаттыгы начарлаганын айтышты