Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин жакындары анын саламаттыгы начарлаганын айтышты

Кыска кабар | 13 Июн 2022 | 668 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү анын саламаттыгы боюнча медициналык текшерүүнүн жыйынтыгын жарыялады.

Алмазбек Атамбаев 25-майда абактан Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулуп, медициналык кароодон өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында, камалганга чейинки жана андан кийинки маалыматтардын салыштырма анализине ылайык, үч жылга жакын абакта отурганы Атамбаевдин ден соолугу кескин начарлаганы аныкталган.

2018-жылдагы компьютердик томографияда жүрөк жана тамырлары таза болсо, азыр жүрөк оорусу, стенокардия жана аортанын атеросклерозу, стеноз менен коронардык тамырлардын оорусу аныкталган.

«МРТда чыканак жана омуртка грыжасы аныкталган, бул катуу симптомдорду, ооруну пайда кылат. 23-марттан кийин экс-президенттин абалы кескин начарлап, бел оорусу күчөгөн. МРТнын жыйынтыгы үстүбүздөгү жылдын 23-мартында ИИМ кызматкерлери Атамбаевди камерадан колу-бутунан сүйрөп чыкканда, омурткасына оор жаракат келтиргенин далилдейт», — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу ультра жогорку резолюциядагы эндоскопия жана зарыл болгон учурда кызыл өңгөчкө операция кылуу сунушталган. Атамбаевдин жакындары бул эки операцияны тең Кыргызстанда жүргүзүү мүмкүн эмес болгондуктан, анан калса, азыр ичип жаткан дарылары да убактылуу гана басаңдатуучу болгондуктан, дарылануунун башка ыкмасын издөө керек дешет.

«Эми биз анын дарылоонун толук курсунан өтүшүн, бардык керектүү процедураны жана операция алышын талап кылабыз. Медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен дарыгерлер сунуштаган рецепттерди алууга бийлик бул жолу тоскоолдук жасабайт деп ишенебиз», — деп айтылат Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн билдирүүсүндө.

Атамбаев белинде бир нече грыжа бар экенин айтып, буга чейинки сот отурумдарына катыштырбоону өтүнгөн. Бирок ага карабай эки жолу сотко күч менен алып барылган, андан кийин ден соолугу кескин начарлаганын жактоочулары билдирген.

Апрель айында №47 колониядагы дарылоо-түзөтүү мекемесинин башкы дарыгери Алмазбек Атамбаев толук текшерүүдөн өтүп, дарыланууга муктаж экенин эскерткен.

Copyright © 2017 Maral FM