Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Баткенде тажикстандык милиция 33 кг баңгизат менен кармалды (видео)

Кыска кабар | 15 Июн 2022 | 1389 | 0

Кыргызстан аркылуу Тажикстандан Казакстанга баңгизат ташыган кылмыштуу топ колго түштү. Кармалгандардын бирөө Тажикстандын милиция кызматкери болгон. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмү менен катталып, бир жылдан бери иликтөө жүрүп жаткан. Атайын операциянын негизинде кылмыштуу топтун үч адамы: уюштуруучусу 1960-жылы туулган О.А., анын шериги 1982-жылы туулган И.М. аттуу Тажикстандын жарандары, ошондой эле ушул эле өлкөнүн Ички иштер министрлигинин кызматкери, милициянын улук сержанты кармалган.

Тинтүү учурунда алардын жанынан 11 кг 299 грамм «апийим» жана 21 кг 942 грамм «гашиш» заты табылган. Баңгизаттардын жалпы салмагы 33 кг 241 граммды түзгөн.

Кармалган жарандар Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө, иликтөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM