Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Бишкекте 22,5 миң адам бата турган заманбап стадион курулат

Кыска кабар | 15 Июн 2022 | 583 | 0

Президент Садыр Жапаров 14-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан менен Тажикстандын курамаларынын оюнуна барды.

Беттеш аяктаган соң улуттук кураманын  кийим алмаштыруучу жайына кирип, команданы ийгилиги менен куттуктады.

Президент спортчулар менен болгон баарлашууда Кыргызстандын футбол боюнча  курамасынын Азия Кубогуна катышуусуна байланыштуу бардык каржылык маселелер өз убагында чечилерин белгиледи.

Мындан тышкары үстүбүздөгү жылдын августунда Бишкекте 22,5 миң адам бата турган заманбап стадиондун курулушу башталарын билдирди.

Ал эл аралык мүнөздөгү ири иш-чараларды тийиштүү деңгээлде өткөрүүгө мүмкүн болгон көп функциялуу спорттук арена болот.

Азия кубогуна тандоо алкагында 14-июнда Кыргызстан менен Тажикстандын оюну тең чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM