Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада беш адамдан коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 16 Мар 2022 | 180 | 0

Кыргызстанда 16-мартка карата коронавирус 5 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 1, Ош облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 30 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 121 бейтап, амбулатордук түрдө 140 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 763 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 946 киши айыгып чыкса, 2 миң 975 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM