Биз менен байланышыңыз

Президент Украина менен Орусиядагы абал боюнча пикирин билдирди (видео)

Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 549 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында жаңы дайындалган билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ант беришти.

Ошондой эле жыйында президент Садыр Жапаров өлкөдөгү кризистик абал, азык-түлүк коопсуздугу жана башка маселелерге токтолуп, Кыргызстан Украина менен Орусиянын ортосундагы согушта бейтарап позицияны кармана турганын айтты.

«Ааламдашуу доорунда эл аралык коомчулуктан сырт эч бир мамлекет өз алдынча саясат жүргүзүп, өз алдынча өнүгө албасы белгилүү. Анын ичинде Кыргызстан да коңшу мамлекеттер менен кайсы бир уюмдарга мүчө мамлекет катары эл аралык коомчулукта тыгыз иш алып барат. Бүгүн дүйнө жүзүндө өнүгүү процесстери ушундай тез бара жатканына күбөбүз. Коронавирустан кийин өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасы да, пандемияга чейинки абалга жете элек. Ошону менен катар бүгүнкү күндө Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуялардын кесепети дээрлик бардык өлкөлөргө терс таасир эткенин көрүүдөбүз. Кыскасы, дүйнөлүк деңгээлде соода-экономикалык, коопсуздук чөйрөлөрүндө абал оор. Албетте, биз чакан өлкөбүз, биздин согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек», — деди президент.

Мындан сырткары ал Кыргызстандагы бардык саясий күчтөрдү биримдикке чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM