Биз менен байланышыңыз

Мадумаровго коюлган айып башка беренеге өзгөртүлдү

Кыска кабар | 3 Мар 2022 | 1788 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго «чыккынчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгонун 10-февралда өзү журналисттерге билдирген. Мадумаров аны толугу менен саясий куугунтук деп сындаган.

Бүгүн, 3-мартта кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокурордун сунушун караган депутаттык комиссия жыйынтык чыгарып, корутунду жабык эшик артында талкууланды.

Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаровго козголгон «мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренеси «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренесине өзгөргөнүн маалымдаган. Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү Мирбек Мунарбек уулу «Маралга» айтты.

Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунуштамасы 10-февралда келип түшкөн. Аны Башкы прокурор Курманкул Зулушев бергенин комитет төрагасы Медербек Алиев кабарлаган.

Андан соң ишти иликтеп чыгуу үчүн төмөнкү курамдагы атайын комиссия түзүлгөн: Айбек Осмонов, Исхак Масалиев, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов, Динара Ашимова, Аманкан Кенжебаев, Азамат Исраилов.

Жалпысынан комиссиянын 5 отуруму болуп, анда Башкы прокуратурадан бир катар документтер талап кылынган.

Эске салсак, Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча буга чейин да бир топ жолу Башкы прокуратуранын тергөөдө болгон. Ал «2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Баткендин Төрт-Көчө тилкеси боюнча протоколго кол койду» деген кине менен суралууда.

Copyright © 2017 Maral FM