Биз менен байланышыңыз

УКМКнын академиясы курула баштады

Кыска кабар | 3 Мар 2022 | 252 | 0

Бүгүн, 3-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясынын пайдубалына капсула салынды. Курулушту баштоо аземине төрага Камчыбек Ташиев катышты.

Кыргызстан эгемен мамлекет болуп жарыялангандан бери өлкөдө Коопсуздук органдарынын кызматкерлерин даярдаган толук кандуу адистештирилген атайын жогорку окуу жайы жок.

Анда сөз сүйлөгөн Ташиев болочок УКМК академиясында кыргыз элинин, мамлекеттин коопсуздугун көздүн карегиндей сактап, коргой турган кесипкөй кызматкерлер окуп, даярдалышына тилектештигин билдирди.

Кошумчалай кетсек, 1993-жылдын 19-апрелинде Улуттук коопсуздук министри, генерал-лейтенант А.К. Бакаев министрликтин алдында атайын Окуу түзүмүн ачуу буйругуна кол койгон.

Бул окуу бөлүмү кийин жогорку курс, андан соң окуу борбору аталган. Кыргыз Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-мартындагы токтомуна ылайык, аталган окуу борбору бүгүнкү күндө УКМКга караштуу генерал-лейтенант А. К. Бакаев атындагы Кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту аталып жүрөт.

Азыркы кезде УКМКга кызматка алынып жаткандардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү ушул институттан окуп, кайра даярдыктан өтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM