Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда биринчи жолу 1200 мектепке 24 миң компьютер берилет

Кыска кабар | 17 Фев 2022 | 773 | 0

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 1200 мектепке 24 миңден ашуун компьютер берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында Кыргызстандагы 1200 мектеп жана 8 педагогикалык колледжге компьютер жана техникалык каражат берет.

Ар бир мектепке берилүүчү компьютер жана техникалык каражаттардын топтомуна төмөндөгүлөр кирет: 20дан компьютер, 6дан проектор, 2ден тармактык коммутатор (хаб), 1ден көп функционалдуу жабдык (принтер+көчүрүү+сканер) жана UPS үзгүлтүксүз электр энергиясын камсыз кылуу жабдыгы.

Жалпы республика боюнча 24 миң 168 даана компьютер, 7 миң 208 даана проектор, 2 миң 408 даана хаб, 1 208 даана көп функционалдуу жабдык (принтер+көчүрүү+сканер) жана UPS берилет.

Мындан сырткары ар бир мектептеги компьютердик класстарга компьютер үчүн 15тен стол, 15тен стул жана системалык блок үчүн 15тен тумба берилет.

Мектептердин технологиялык муктаждыгын камсыз кылуу аркылуу окуучулардын заманбап, сапаттуу билим алуусуна шарт түзүлөт. Ошондуктан окутууну технологиялар аркылуу колдоо багыты аркылуу так жана табигый илимдер предметтерине басым жасоо менен 5-11-класстар үчүн электрондук форматтагы окуу материалдары даярдалат. Санариптик контент Кыргызстандын бардык мектептерине жеткиликтүү болот.

Учурда тендер жарыяланып, сатып алуу процессине байланыштуу тиешелүү иштер жасалууда. 1200 мектеп жана 8 педагогикалык колледжге техникалык жабдууларды ушул жылдын октябрь айында тапшыруу пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM