Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Бейшеналиев билим берүү министри болуп дайындалды

Кыска кабар | 17 Фев 2022 | 373 | 0

Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун Президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Кечээ Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министри кызматына Алмазбек Бейшеналиевдин талапкерлиги каралып, 76 депутаттын «макулдугу» менен сунуш кабыл алынган.

Алмазбек Бейшеналиев министрликтен кетип, кайра келишинин себебин президенттин жүргүзгөн саясаты менен байланыштырды.

Алмазбек Бейшеналиев 14-февралда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп бекитилген.

Алмазбек Бейшеналиев өткөн жылдын июнь айынан бери Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана башка уюмдардагы өкүлү, Швейцариядагы элчиси болуп иштеди. 2020-2021-жылдары Билим берүү жана илим министри кызматын аркалаган.

Copyright © 2017 Maral FM