24-февралдан 27-февралга чейин кыргыз-сауд бизнес-форуму, анын алкагында эки тараптын көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов Эр-Рияддын Соода-өнөр жай палатасы уюштурган соода жана инвестиция форумунда билдирди.
Улукбек Марипов сауд ишкерлерин Эр-Риядда өтө турган форумга жигердүү катышып берүүгө чакырык таштады.
Соода жана инвестиция форумуна Борбор Азия өлкөлөрүнүн элчилери, Ислам өнүктүрүү банкынын, Сауд өнүктүрүү фондунун, Соода-өнөр жай палаталар федерациясынын, Сауд Падышалыгынын бизнес жана инвестиция компанияларынын, Жакынкы Чыгышка белгилүү соода түйүндөрүнүн жетекчилери, өкүлдөрү катышты.
Форумдун жүрүшүндө дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларына Падышалыктын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана Saudi Vision-2030 улуттук стратегиясынын алкагында өлкөнүн өнүгүшү, Сауд Аравиянын экономикасын диверсификациялоо боюнча реформалардын жетишкендиктери тууралуу маалымат берилди.
Элчи Марипов форумдун катышуучулары жана коноктору үчүн Кыргызстандын соода-экономикалык жана инвестициялык долбоорлору жана ошондой эле туристтик мүмкүнчүлүктөрү боюнча таанытым жасады.
Жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Сауд Арабиянын ортосундагы пайдалуу бизнес жана инвестициялык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги талкууланды.