Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирус 107 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 10 Фев 2022 | 243 | 0

Кыргызстанда 10-февралга карата коронавирус 107 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 44, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 43, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 297 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 653 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 738 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 821 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 191 миң 958 киши айыгып чыкса, 2 миң 917 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM