Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирус 97 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 9 Фев 2022 | 223 | 0

Кыргызстанда 9-февралга карата коронавирус 97 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 53, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 23, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 282 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 684 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 883 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 717 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 191 миң 679 киши айыгып чыкса, 2 миң 913 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM