Биз менен байланышыңыз

Төрт-Көчө: Тажик тарап миномёт, гранатомёт колдонуп жатат (видео)

Кыска кабар | 27 Янв 2022 | 5958 | 0

Бүгүн, 27-январда саат 17:00дөн 18:30га чейин Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө  тилкесин бууп салышкан. Саат 19:30га карата кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчуду. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Аймакка Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев, Баткен чек ара отрядынын командири Рустам Миршакиров барып сүйлөшүү жүргүзгөн.

Бирок саат 19:35 чамасында Баткен районунун Үч-Дөбө аймагынан тажик тарап ок чыгарып, кырдаал курчуп кеткен. Төрт-Көчө, Үч-Дөбө аймактарында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары атышып, тажик тарап миномёт, гранатомёт колдонуп жатканы кабарланды.

Кырдаал боюнча кошумча маалыматтар берилип турат.

Copyright © 2017 Maral FM