Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирустан үч бейтап каза болду

Кыска кабар | 25 Янв 2022 | 168 | 0

Кыргызстанда 25-январга карата коронавирус 412 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 242, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 91, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 37, Баткен облусунда – 12 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 511 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 139 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 709 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 196 миң 232 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 184 миң 28 киши айыгып чыкса, 2 миң 854 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM