Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан үч бейтап каза болуп, дагы 820 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 18 Янв 2022 | 186 | 0

Кыргызстанда 18-январга карата коронавирус 820 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 600, Ош шаарында – 12, Чүй облусунда – 109, Ош облусунда — 4, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 40, Жалал-Абад облусунда – 9 жана Баткен облусунда 29 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 153 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 191 миң 288 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 225 киши айыгып чыкса, 2 миң 836 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM