Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирус 781 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 17 Янв 2022 | 321 | 0

Кыргызстанда 17-январга карата коронавирус 781 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 658, Ош шаарында – 11, Чүй облусунда – 48, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 14 жана Баткен облусунда 27 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 102 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 190 миң 468 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 72 киши айыгып чыкса, 2 миң 833 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM