Улуттук банк 12-январда валюта рыногуна 70.1 миллион доллар сатты. Бул тууралуу банктын расмий сайтында маалымдалды.
Белгилей кетсек, Улуттук банк буга чейин 23-ноябрда валюта базарына ири интервенция жасап, 70 млн 300 миң доллар саткан. Андан соң 7-декабрда, валюта рыногуна 71,3 миллион доллар сатты.
2021-жылы 16 жолу интервенция жасалып, жалпы 702 миллион 950 миң доллар сатылган.