Биз менен байланышыңыз

Калмаматов: Эч кимге каршы көрсөтмө берген эмесмин

Кыска кабар | 28 Дек 2021 | 547 | 0

Саясатчы Бактыбек Калмаматов камактан кайрылуу жолдоду. Анын кайрылуусу Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Ал өзүнө коюлуп жаткан айыпты акылга сыйбай турганын жана адилетсиз экенин айтууда.

Ошол эле учурда анын камакта отурганынан пайдаланып, ар кандай каралоолорду уюштуруп жатышканын билдирди.

Саясатчы «бийлик менен сүйлөшүп жатыптыр, Исмаил Исаковго, Ахматбек Келдибековго, Өмүрбек Текебаевге жана Жылдызкан Жолдошевага каршы көрсөтмө берип жатыптыр» деген маалыматтар жалган экенин айтты.

«Бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатыптыр, Исмаил Исаковго, Ахматбек Келдибековго, Өмүрбек Текебаевге жана Жылдызкан Жолдошевага каршы көрсөтмө берип жатыптыр деген маалыматтар толугу менен жалган жана кимдир бирөөлөргө карата каршы көрсөтмө берүү ниетим да жок. Андай болушу да мүмкүн эмес» , — деп айтылат кайрылууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2022-жылдын 9-февралына чейин камакка алынган.

Ал Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу, №21 тергөө абагында.

Бактыбек Калмаматов 22-декабрда түнкүсүн «Манас» аэропортунан кармалган. Ага «расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен айып тагылууда.

Саясатчынын тарапташтары коюлган айыпты четке кагып, куугунтук катары сыпатташууда.

Copyright © 2017 Maral FM